Орусиянын Тюмень облусунда мигранттарга айдоочулук кызматта иштөөгө тыюу салынат

Орусиянын Тюмень облусунун губернатору эмгек мигранттарына байланыштуу токтомго кол койду. Анда жергиликтүү транспорттук компанияларда патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарды жумушка алууга тыюу салды. Бул туурасында аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"Мигранттар жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө, анын ичинде шаардык жана шаар четиндеги транспортто, таксиде, ошондой эле унаа жүк ташуу чөйрөсүндө иштей албайт, анын ичинде алар транспорттук кызматтарды көрсөтө алышпайт. Губернатор Александр Моордун чечими менен "компаниялар 2022-жылдын 1-мартына чейин жумушка орношкон чет элдик жумушчулардын санын ушул жарлыкка ылайык иретке келтириши керек", - деп айтылат документте.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Misha77
2021-12-19 18:51:08
Эми Тюмендеги айдоочулар (КР жараны,кыргыздар) Москвага ишке барат (такси кызматына)
0
MAKALAK
2021-12-19 19:06:03
Патент менен деп турат кыргыздарга эмес
+14
Misha77
2021-12-20 09:08:38
MAKALAK,головнойдон буйрук болгон (кысым деп коёт муну) понятно теперь
0
Rusi79
2021-12-19 19:24:20
Кыргызстандын айдоочулук куболугун алып беребиз деп ачык эле реклама кылгандарга качан чара корулот.
+11
nazira...
2021-12-19 19:28:33
Бечара кыргызга дагы кыйын болот окшойт. Качан өнүгөт экенбиз деп жүрүп өлүп кете берет окшойбуз. Жок дегенде балдарыбыз, неберелерибиз эл, жер көрүп биз көрбөгөн жерлерге саякаттап калышса экен.
-5
KaGaH
2021-12-19 20:15:09
Москвага келгиле
-2
XAN-TORO
2021-12-19 22:40:43
Кыйналат экен кыргыз дебей окуусанар жазылып турат патенттин негизинде иштеген чет элдик жарандарга иштегенге тыюу салынат деп.
+8
MAKALAK
2021-12-20 01:08:33
Темасын окуп эле кыйкыра бербей толук окусанар.Кыргыздарга дагы мумкунчулук тузулду
+4
ahad
2021-12-20 13:07:20
Тюменьде 40 Процент кыргыздар таксистер кудай сактасын
0
bermet104
2021-12-20 14:08:41
3 жылдан бери жылдын аягы ушул указ мн бутуп, башы ушу мн башталат. Ошентсе деле таксиде иштеп жургон тажик, озбектер коп Кыргызстандын правасын алып. Кыргыздарга мунун тиешеси жок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан