Баары учурашсам деп... Садыр Жапаровдун Сузак районунун тургундары менен жолугушуусу

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту. Анда өлкө башчы жакында кол койгон фермерлерди жана дыйкан чарбаларын үч жылга жер салыгын төлөөдөн бошотуу жөнүндө жарлыкты эске салды. Эми салык республикалык бюджеттен төлөнөт. Мындан тышкары Садыр Жапаров келерки жылы дыйкандарга 6 пайыз менен насыя берилерин баса белгилегенин президенттик админситрациядан кабарлашты.
"Буга чейин сугат жерлерибиз айдалбай, иштетилбей жатканын өзүм көрдүм. Андан соң дыйкандарга берилген жеңилдетилген насыялар эмне үчүн жетишсиз болуп жатканын аныктоо максатында биздин мамлекеттик банктарга аудит жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди. Текшерүү аяктагандан кийин дыйкандар мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын 3 пайызын гана алып жатканы белгилүү болду. Калган 97 пайызды ири бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор гана алып келген. Мындан ары бул маселе биздин көзөмөлүбүздө болот. Жаңы жылдан баштап дыйкандарга, фермерлерге бөлүнгөн ар бир тыйын сиздерге жетет. Биз кепилдик беребиз. Мыйзам бузууга жол берген адам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен тиешелүү жазасын алат", - деп ишендирди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы ошондой эле Союз тарагандан бери Кыргыз мамлекети өз эсебинен бир дагы аскердик техника сатып албаганын айтты. Аскердик-техникалык колдоо ар дайым ар кайсы мамлекеттер тарабынан көрсөтүлүп келген. Ушуга байланыштуу өлкөнүн армиясын чыңдоо, анын материалдык-техникалык жактан жабдылышын жакшыртуу жана мунун бардыгын өлкөнүн бюджеттик каражаттарынын эсебинен ишке ашыруу чечими кабыл алынды. Учурда коррупция менен анын кандай гана көрүнүшү болбосун активдүү жана элдешкис күрөш жүрүп жатат.
Мамлекет башчысы ошондой эле келерки жылы айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды жогорулатуу пландарына токтолду.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар райондун таза суу менен камсыз болушу, айдоо аянттары, ошондой эле жол, билим берүү мекемелеринин курулушуна байланыштуу маселелерди көтөрүштү.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү маселелерин тез арада кароону тапшырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан