Соңку сутка ичинде COVID-19 илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Бишкек шаарында катталды жана ал коронавируска каршы вакцина алган эмес.
Республика боюнча каза болгондордун жалпы саны 2784 кишини түздү.