Министрлик быйыл сүт көп өндүрүлгөнүн маалымдады. Бирок балдар ооруканасында 3 аптадан бери сүт жок болууда

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда сүт жок болуп, дарыланып жаткан бейтаптар үчүн сүт азыктары берилбей келет. Бул туурасында оорукананын тосмосуна билдирүү илинген.

Аталган оорукананын сатып алуулар бөлүмүнө байланышканыбызда, сүт 3 аптадан бери жок экенин айтып, себебин түшүндүрдү.

"Бизде балдар дарылангандыктан алардын тамак-аш рационунда сүт сөзсүз болушу керек. Ооруканага күнүнө 150 литрдей сүт керек. Талап боюнча, ар бир уйдун сүтү ар башка идиште болуп, аралашпашы шарт. 1 жыл мурда биз эки сүт жеткирүүчү менен иштешип, келишим аяктагандан кийин алардын бири кызматташууну токтоткон. Бирөө менен иштешип жатканбыз. Бирок ал өнөктөшүбүз дагы чөп, бензин кымбаттаганына байланыштуу мурдагы баа менен иштешүүнү токтотту. Биз эки жолу тендер өткөрдүк, катышуучулар болбой, жыйынтык болгон жок. Эртең, 21-декабрда саат 15:00дө тендер өткөрөбүз. Бул жолу бааны жогорулаттык, катышуучулар көп эле болуп, жыйынтык болот деп үмүттөнүп турабыз", - дейт сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы Салтанат Султангазиева.


Буга чейин Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги быйыл өлкөдө 2020-жылга салыштырмалуу сүт өндүрүү 28,8 миң тоннага көбөйгөнүн маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан