Сот Медербек Саккараевдин мандаты боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Бишкектин административдик соту кечээ, 21-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Саккараевдин анын талапкерлигин алып салуу тууралуу БШКнын чечимине каршы арызын карады.
Анын жыйынтыгы менен сот анын дооматын канааттандырган жок.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Медербек Саккараевдин Казакстандын жарандыгы бар деген негизде аны талапкер кылып каттоо тууралуу чечимди жокко чыгарган. Буга нааразы болгон Саккараев сотко кайрылган.
Саккараев №31 Чүй-Кемин округунан эң көп добуш алган. БШК азырынча бул аймактан мандат кимге берилерин же кайрадан шайлоо өтөр-өтпөсүн чече элек.