Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул туурасында бүгүн, 23-декабрда президенттик администрациядан кабарлашты.
Ибрагим Жунусов Кыргыз өлкөсүнүн Өзбекстандагы элчиси болуп 2018-жылы 4-декабрда дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырган. Ал буга чейин Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы элчиси болуп иштеп келген.
Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси болуп 2016-жылдан 2018-жылдын мартына чейин Данияр Сыдыков иштеп келген. Ал жазда президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери элчинин орду бош турган.