Буга чейин Бишкек шаарында жайгашкан "Таатан" соода борборунун жана "Дордой" базарынын соодагерлери митингге чыгышып, контролдук кассалык машина (ККМ) орнотууга каршы экендигин билдирип, патент менен иштей берүүнү суранышкан.
ККМ-онлайн - бул накталай операциялар жүргүзүлө турган ишкердик субъектине таандык электрондук шаймандарга (компьютер, ноутбук, уюлдук телефон жана башка ушул сыяктуу аппараттар) орнотулган виртуалдык кассалык машина.

ККМ эмне үчүн керек?
Виртуалдуу контролдук-кассалык машиналарды киргизүү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана “Санарип Кыргызстан” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун компоненттеринин бири болуп саналат.
Эмне үчүн виртуалдык ККМ ыңгайлуу?
Экономика министрлигинин билдирүүсүндө аппараттык контролдук-кассалык машинанын же онлайн-режиминде маалыматтарды берүүгө жөндөмдүү ККМдин минималдуу наркы 10 миң сомдон жогору турат.
Виртуалдык контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү төмөнкүлөрдү карайт:
Мамлекеттик салык кызматы ККМ тууралуу төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.
Бул долбоордун башкы максаты – ак ниет бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын бакубат турмушун жогорулатуу жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат.
2021-жылдын 1-июлунан тартып өлкө аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарттар боюнча жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө субъекттер тарабынан 29 миң 87 ККМ колдонулууда.
Кошумчалай кетсек, Салык кызматы 2021-жылдын сентябрынан тартып ККМдин жаңы моделин колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун алкагында ишкерлерге кассалык аппараттар, ошондой эле аларды тейлөө акысыз берилет. Бүгүнкү күндө ар кандай соода жана тейлөө түйүндөрүндө 2331 пилоттук ККМ орнотулуп, кошулган.
ККМ кайсы жерлерде колдонулушу керек?
Учурда ККМдин эки түрү:
Алынган ККМди каттоо үчүн ишкер жергиликтүү салык органына кайрылуусу керек. Ал жерде кызматкерлер, зарыл болгон учурда ККМди колдонуунун тартибин жана эрежелерин кеңири түшүндүрүп беришет, иштин тигил же бул түрүн колдонуу үчүн аппараттын кайсы түрү эң ылайыктуу экенин айтышат.
"Мамлекет көп жылдар бою майда жана орто бизнесте иштеген жарандарга патенттик системанын эсебинен бутуна турууга мүмкүндүк берди. Бирок учурдагы өзгөрүп туруучу шарттарда салык салуу системасында жана бүтүндөй салык саясатында адекваттуу өзгөртүүлөр талап кылынат.
Бардык өнүккөн өлкөлөрдө салык төлөөгө байланыштуу мыйзамдар абдан дыкаттык менен аткарылып жатат. Демек, бул мамлекеттердин жарандардын алдындагы социалдык жана башка милдеттенмелерин сапаттуу аткарууга мүмкүнчүлүгү бар", - деп жазылат мекеменин маалыматында.