Бир канча күндөн бери социалдык тармакта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Айзат Мамырбай кызы сынга алынууда. Буга анын Инстаграм баракчасына бейтааныш мырза менен жүктөгөн акыркы сүрөттөрү себеп болду. Интернет колдонуучулардын көбү Айзатка терс пикирлерин калтырышууда.
Сынга кабылган Айзат Мамырбай кызы агынан жарылып, SUPER.KG порталына маек берди. Учурда ал Ошто, ата-энеси менен чогуу жашап жатат.
"Сүрөттөгү мырзалардын бири менин таежемдин баласы, экинчиси тойго барган тааныштарыбыз. Таежемдин баласы менен тойдон дагы, Москвага кетерде дагы сүрөткө түшкөм. Бөлөм менен ал-акыбал сурашып, жазышып турчубуз. Жолдошум ошол сүрөттөрдү, биздин кат-кабар алышканыбызды шылтоо кылып үйдү өзүнүн атына өткөрүп алгысы келип жатат. Кайын журтум ошону пландап жүрүшкөн. Тагыраагы 4-5 ай болду, "үйдү менин атыма өткөрүп берип, кете бер" деген. Мен "жашайм" деп барып жашап жүргөм. Бир күнү бөлөм менен тамашалап жазышканыбызды окуп алып, идиш-аякты талкалап баштады. Мен тумоолоп башка бөлмөдө жаткам. Эмне болду деп барсам ичип алыптыр, буюмдарды алып, мага ыргытып жатты. Бычак дагы ыргыткан, коркконумдан эшикке качып чыккам, колум кесилип кетиптир. Эшикке күндүзгү саат 14:00 чамасында чыккам, кечки саат 20:00гө чейин халатчан, шлёпкачан үшүп турдум, мени киргизбей коюшту. Бир тууган агам келгенде үйгө кирип, кийимдеримди алып берди. Документтеримди, телефонумду, үйдүн документтерин, 2 миң сом акчамды дагы жолдошум алып калды. Эч нерсем жок агам менен Ошко кете бердим.
Үйдү өткөргөндөн кийин документтерди берерин айтты. Ошол учурда чоң апам өтүп кеткен, ата-энем бошобой жаткан. Эки, үч күн коё тур, үйдөгүлөр батага келгендерден бошобой жатат десем, 2 күн убакыт берерин айтып, баягы сүрөттөрдү интернетке чыгарып "жалап болуп кетти" деп жарыялады. Андай болгудай мени төшөктөн кармап алыптырбы?", - дейт Айзат.
Жолдошумдун мамилеси салкын болгонунан 2 жылдан бери балалуу боло албай жүргөнүн айткан келин буларга токтолду.
"1 жылдан бери күйөөмдүн мамилеси жок болчу. Башка бөлмөдө таң атканча телефон чукулап жатчу. Таптакыр көңүл бурбайт, эт туурай албайм бир колум менен ошондо жардам сурасам "өзүң кылып алчы" дечү. Оор жумуштарды кылдыртчу, ошого деле макул болуп жашап жүрө бердим. Тамак даярдасам тамагымды, жумуш кылсам ишимди жактырбай жүргөн. Мага көңүл бурбаганы үчүн да 2 жылдан бери балалуу боло албай жүрөбүз. Анын үстүнө 4 айдан бери кайын сиңдим жолдошу менен ажырашып, биз менен чогуу жашап жаткан. Ошол дагы кыстап жүрдү. Жолдошум мас болуп тополоң кылган күнү эшикте турсам кайын сиңдим "үйдү өткөрүп коюп, каалаган жагыңа кет" деди. Мен "эмнеге үйдү өткөрүшүм керек, бир колум менен болсо да ушунча тирилик кылып албадым беле үйдү, асмандан түшүп калыптырбы" дедим. Болбосо биринчи жолу маек берип интернетке чыкканымда кайын журтум мыскылдап, "жардам сурап чыгып калыптырсың" деп жаман көрүшкөн. Күйөөмдү карап, кийимин агартып, тамагын кылып отурганымды билишпейт.
Жолдошум болсо сенин бир колуңдун жоктугуна карабай алгам дейт. Өздөрүн билбейт экен адамдар.
"Көңүлдөш болуп кетиптир, өзү макоо экен" деген пикирлер жазылып жатат. Бул мени каралап, үйдү алуунун амалы. Жолдошума деле айткам: "Үй каяктан келди сага? Бир колум менен болсо да камыр жайып, тамак жасап, мээнет кылып албадык беле" десем, кайра мага "Сен эмне кылып алдың үйдү? Мен алгам, мен элден жардам сурап алгам" дейт. Жолдошумдун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай жашап жүрсөм дагы "сенин чолок экениңе карабай мен алгам сени" дейт".
Айзат Мамырбай кызы бардык туугандары менен сүйлөшүп, байланышты үзбөй жүргөнүн, бул туурасында жолдошунун кабары бар экенин айтат. "Кимдер менен сүйлөшүп турарымды билчү. Жарнама бергендерди дагы. Болгону үйдү алууну пландап жүрүшүптүр. Аткени жолдошум көңүл бурбай жүргөндө "ажырашып кеткенибиз эле оң го" десем "сен кетип калсаң өлүп калам, анда үйдү өткөрүп кетесиң" деген шылтоолорду айтып жүргөн. Мен үйдү өткөрүп бербейм. Жолодошумдун унаасы, 600-700 миң сомдой акчасы бар. Ошого да ыраазы болбой, үйдү алгысы келип жатат", - деди ал.
Ошондой эле Тик-Ток, Инстаграм баракчасындагы аккаунтун жолдошу алып, сыр сөздөрүн алмаштырып салганын, учурда аталган социалдык тармакты колдонбой жүргөнүн кошумчалады.
Айзат Мамырбай кызы кыз-келиндердин бетин боёп, жоолукту түрлөп салат жана кулинардык курсту аяктаган, тамакты түрлөп жасаганы менен белгилүү болгон. "Бир колумдун жоктугун сезбей көп жумуш бүтүрөм" деген ал бир колунан кантип ажырап калганынан баштап, азыркы жашоосу тууралуу айтып берген.
Ал маектен кийин жашоосунда көп өзгөрүүлөр болгонун айтып, кыялы орундалып макияж жасоо боюнча курстан өтөрүн билдирген.
Былтыр, 30-ноябрда курулуш компанияларынын бири Айзат менен жолдошу Рустам Иманалиевге үй берген.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын дагы пикирин угуп, чагылдырууга даяр.