ЖЫЛНААМА, 25-ДЕКАБРЬ: Кайталангыс таланттын ээси, дүйнө жүзүн күлкүгө бөлөгөн актёр Чарли Чаплин дүйнөдөн кайткан

Америкалык киноактёр, режиссёр, сценарист Чарльз Спенсер Чаплин 1889-жылы 16-апрелде Лондондо артисттин үй-бүлөсүндө туулган. Турмуш жолун театрда актёр болуп иштөөдөн баштаган. Кийин режиссёрлукка өтүп, 1915-жылы "Эс-Сеней" бирикмеси тарткан 14 тасмада роль жараткан. Көп узабай "Жалгыз жылдыз" деген студияга өтүп, 12 фильмге тартылып Американын комедия жанрына бир топ ийгиликтерди алып келген.

Атактуу актёр бала кезинен тартып көптөгөн кыйынчылыктарды көрүп чоңойгон. Атасынан айрылгандан кийин апасы психикалык жактан жабыркап ооруп калган. Мындан улам байкеси Сид экөө кароосуз калып, өздөрү нан таап жегенге аргасыз болушат. Кийин аларды балдар үйүнө алып кетишет.

Жаш кезинен тарта Чарльз кыл кыякта мыкты ойногон. Ал бир күндө 4-16 саат кыл кыякта ойноп машыккан. Мындан сырткары театралдык режиссёрлук боюнча сабактарды алган.

Америкадагы бай көпөстөрдү ар кандай жолдор менен тымызын сындап, буржуазиялык коом эзип жаткан карапайым жумушчу адамдарга болгон боорукерлигин көрсөткөн. Көбүнчө ал бай мырзалар кийүүчү кийим-кечектерди сындаган.

Чарли Чаплин белгилүү америкалык драматург, "Нобель" сыйлыгынын лауреаты Юджин О’Нилдин кызы Уне О’Нилге үйлөнгөн. Чарлинин эң кичүү баласы ал 72 жашка чыкканда жарык дүйнөгө келген.

Чарли Чаплин жана жубайы Уне О’Нил
Чарли Чаплин жана жубайы Уне О’Нил

Белгилүү актёрдун "Жылдыздар аллеясындагы" жылдызы 1972-жылы төшөлгөн, ушул эле жылы актёр "Оскар" сыйлыгынын ээси болгон.

Чарли Чаплин 1977-жылы 25-декабрда 88 жаш курагында көз жумган. Жайына коюлган соң 1978-жылы март айында опузачылар тарабынан сөөгү казып алынган. Алар улуу комедия актёрунун үй-бүлөсүнөн акча талап кылышкан. Бирок маркумдун жубайы акча төлөөдөн баш тартып койгон. Себеби Чаплин ушул сымал окуя болорун сезгенсип, бир жыл мурун эле аялына “мени уурдап кетип, акча талап кылышса төлөбө” деген. Кылмышкерлер кармалып, Чаплиндин сөөгү ошол эле жылдын 17-майында кайрадан жерге берилген.

25-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан