Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылган ундун сапаты текшерүүдөн өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өкмөткө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларындагы ундун сапаты байма-бай текшерилип турат. Даяр продукцияны сактоо эрежелери бардык талаптарга жооп берет.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайтарымсыз гуманитардык жардам иретинде таратылган ундан курт чыккандыгы тууралуу маалымат чыккан. Жардамга муктаждарга таратуу үчүн ун Бишкек шаарына «Кант-Дан-Азык» акционердик коомунун жана Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампаларынан алып келинген. Аталган комбинаттарда I жана II сорттогу даяр ун атайын текшерилди. Натыйжада №56 электен өткөрүлгөн ундан эч кандай курт чыккан эмес. Эки ишканада тең продукциянын сапаты үзгүлтүксүз текшерилип турат. Ал эми социалдык тармактарда тараган видеодо көрсөтүлгөн ундан чыккан курт ундун курту эмес. Бул мөмө-жемиш бактарында болуучу курт-кумурсканын түрү болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.