НААМ АЛГАН МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ
Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата президент Садыр Жапаров бир катар эл көзүндөгү адамдарга сыйлыктарды, наамдарды тапшырды.
Динара Акулова, Бек Борбиев, Айчүрөк Иманалиева, Расул Маматкулов жана башка бир катар маданият өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алышты. Сыйлык алган айрым белгилүүлөр наамдарын "жууп", тойканаларда жакындарынын курчоосунда кече өткөрүштү.
Эл артисти наамын алгандардын тизмеси: Исирадин Аманбаев, Динара Акулова, Нурлан Абдыкапаров, Валентина Анникова, Валентина Гилке, Шакен Жоробекова, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Расул Маматкулов, Бек Борбиев, Сайрабүбү Мырсалиева, Бермет Өмүрова, Нурканбек Турсунбаев, Бактыбек Ыбыкеев.
SUPER.KG порталы Эмгек сиңирген артисти наамын алган ырчылардын айрымдары менен байланышып, алардын кубанычы менен тең бөлүшкөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган Гүлнара Кахарова "Сыйлыгыма өзгөчө атам сүйүндү. Эми алдыңызбы дегендер дагы болду" деп кубанычы менен бөлүшкөн.
Ал эми белгилүү фольклор ырчысы Гүлзат Байзакова да Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген наамы менен сыйланды. Биз ырчы айымды алган наамы менен куттуктап чалганыбызда, "Койгулачы, чын элеби?!" деп бизден угуп жаткандыгын айтып кубанганын жашырган эмес.
Кыргыз Эл жазуучусу наамы менен сыйлангандар:
1. Чолпонбек Абыкеев (жазуучу, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик катчысы).
2. Жаныш Кулманбетов (драматург, театр сынчысы. "Кыргыз өлкөсүнүн театр ишмерлери союзу" коомдук бирикмесинин директору).
Улуттук адабият күнүнө карата жаш акындарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Анда Бердибек Жамгырчиев, Нуркыз Рыскул кызы жана Максат Жангазиев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды.
23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлоо аземинде Олимпиадада медаль уткан 3 спортчуга, тагыраагы Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага акчалай сыйлыктар жана президент Садыр Жапаров тарабынан Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.
Ошондой эле "Токио-2021" Олимпиадасына катышкан спортчуларга, алардын машыктыруучуларына жана Олимпиадага салым кошкон инсандарга акчалай сыйлыктар жана алкыш баракчалары тапшырылган. Толук тизме бул шилтемеде.
Ошондой эле ушул жылдын декабрь айында Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев Казакстандын "Биримдик" алтын медалы менен сыйланды. Аталган сыйлыкты Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз колу менен тапшырган.
Спорт жаатында:
Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев - дипломант;
Кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова - лауреат.
Адабият жаатында:
Балдар жазуучусу Марлен Матназаров - дипломант;
Акын, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиев - лауреат.
Белгилей кетсек, сыйлык кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген. Аталган сыйлык менен дагы кимдер сыйланганын бул шилтемеден окуй аласыз.
КИНО ЖААТЫНДА ИЙГИЛИК ЖАРАТКАНДАР
2021-жылдын 16-24-январында Бангладеште өткөн эл аралык Дакка кинофестивалында (Dhaka lnternational Film Festival) "Акыркы көч" тасмасы "Эң мыкты тасма" деп табылды.
"Кайыкта" кыска метраждуу тасмасы Кустендорф Эл аралык кино жана музыка фестивалында "Жюринин атайын призине" татыды.
Январь айында Анкара эл аралык кинофестивалында режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды.
Белгилүү кинорежиссёр Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы эл аралык "Будем жить" (Жашайбыз) аттуу X Москва кинофестивалында эки сыйлыкка татыды. Кинофестиваль Москва шаарынын майрамы менен орус киносунун күнүнө карата уюштурулган. Ал 23-августта башталып 3-сентябрга чейин болуп өттү.
Тасма төмөнкү эки сыйлыкка татыды:
Артыкбай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Ал буга чейин КМШ чөлкөмүндөгү эң мыкты тасма аталып, Орусиянын "Ника" кино сыйлыгын жеңип алган.
"Мунабия" тасмасы Лондондо өткөн кинофестивалда баш байгеге ээ болду.
Тасма Казат Акматовдун "Мунабия" аңгемесинин негизинде тартылган. Тасмада Мунабия аттуу кыздын окуясы чагылдырылган. Ал өзүнүн сүйүүсүн сактап калуу үчүн канчалаган сыноолорду баштан кечирет. Аталган каармандын ролун актриса жана модель Мээрим Атантаева жараткан.
Эске салсак, "Мунабия" фильми 2018-жылы Орусиянын Анапа шаарында өткөн "Киношок-2018" фестивалында баш байгени жана "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алган.Курдистанда (Ирак) өткөн Слемани эл аралык фестивалына катышкан "Акыркы көч" тасмасы байгеге ээ болду. Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу билдиргендей, тасма "Мыкты оператордук иш" номинациясын жеңип алды.