Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматын жетектеп келген Нурай Марс кызматынан бошотулган. Ал эми анын ордуна Алтынбек Жумаев дайындалган.
Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нурай Марс президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп май айында дайындалган.