Бишкек мэриясы кичинекей тургундарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын бардык райондорунда кичинекей балдар үчүн Жаңы жылдык иш-чаралар өткөрүлдү. Жаш тургундарды район акимдери куттуктаган.
Ошондой эле атайын концерттик программалар уюштурулган.
Райондук иш-чаралар 3 миң 600 кичинекей шаар тургундарды камтып, аларга таттуу белектер берилген.