Бишкек шаарынын четинде, унаанын ичинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасы зордук-зомбулукка каршы күрөшүү фондун ачат. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Айзада" атындагы фонд зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам, кеңеш берип, юридикалык жардам көрсөтөт", - деп жазылды Токтакуновдун билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, Айзада Канатбекованын апасы кызынын өлүмүнө милициянын шалаакылыгы боюнча тергөө аягына чыгышын каалайт.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Канатбекованын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзада Канатбекованы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.
8-апрелде Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (шалаакылык) менен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши катталган.
Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылган.