Баткенде жыл аягында жүргүзүлгөн рейдде издөөдө жүргөн 2 адам кармалды

Баткенде 24-декабрдан 30-декабрга чейинки аралыкта "Арсенал" иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чарада жер-жерлердеги милиция кызматкерлери каттоодо турган жарандардын ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелери, сактоо мөөнөтү, жардыруучу, күчтүү уулуу заттарды сактоочу кампаларды текшерип чыгышты. Анын алкагында бир катар кылмыштардын бети ачылганын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Рейддин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарында катталган уурулук боюнча 7 кылмыштын бети ачылды. Ал эми ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын же болбосо алардын ок-дарыларын сактоо жана колдонуу боюнча жалпы 9 протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.
Кадамжай району боюнча жеке күзөт коргоо агенттиктердин ок атуучу куралдарынын сактоо эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 кызматкерге айып пулдар салынды. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 134-беренесинин негизинде 9 мергенчиге протокол түзүлүп, айып пулдар салынды. Майдан айылынын 35 жаштагы тургуну ок атуучу куралдын стволун өз ыктыяры менен тапшырды. Мурда катталган 1 уурулук фактысынын бети ачылып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайга киргизилди.
Ал эми Лейлек району боюнча 133-берене менен 11 адамга, 134-берене менен 6 жаранга протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды. Рейддин жүрүшүндө издөөдө жүргөн 2 жаран кармалып, 5 уурулуктун бети ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан