Өткөн сутка ичинде Орусиянын Москва шаарындагы ооруканалардан 188 бейтап коронавирустан айыгып чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Сутка ичинде 188 адам ооруканадан үйүнө чыгарылды. Ал эми дарыгерлердин көзөмөлүндө калыш керек болгон бейтаптарга тиешелүү көрсөтмөлөр берилди", - деп жазылат маалыматта.
Муну менен Москва шаарында коронавирустан айыккандардын саны 687ге жетти.