"Казакстан чек араны жапса, Кадырбеков унду желкесине көтөрүп келеби?". Камчыбек Ташиев Нуржигит Кадырбековго жооп берди

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүү маселесин карап жатат.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков депутаттар чечим кабыл ала турган болсо, Конституцияга ылайык келбей тургандыгын айтты.

"Эгерде биз кандайдыр бир чечим кабыл ала турган болсок, бул Конституцияга ылайык келбейт. ЖККУнун алкагында биздин милдеттерибиз бар, түшүнөм. Бирок биздин мыйзамыбызчы? Жакында эле биз ант бергенбиз", - деди Кадырбеков.

Мындан тышкары Нуржигит Кадырбеков адамдын каны үчүн жооп берүүгө даяр эмес экендигин билдирди.

Буга УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жооп берди.

"Мына мага азыр маалымат келди. Чек арадагы "Ак-жол" менен "Ак-Тилек" бекеттери жабылыптыр. Эртең ундун баасы 10 миң сомго, бензиндин баасы 100 сомго чыгып кеткенде Нуржигит Кадырбеков жооп бербейт. Ал ошол креслосунда отурат. Бул жерде өзүн пиарлай турган учур эмес. Бул жерде мамлекет башчысы кабыл алган чечим.

Азыр 7 посттун төртөө жабылды. Эртең бардыгы жабылса, унду Кадырбеков желкесине ташып келип береби?", - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Ansar
2022-01-07 12:08:04
Ушу Кыкемдин менменсингени оттуго. Туболук бийликте болчудай эле коркутат.
+11
Milduri
2022-01-07 12:09:07
Абдан туура айттыңыз Камчыбек мырза, аскерлерибизди тынчтыкты орнотууга жөнөтүп атасыңар, коңшубуз кыйналып турганда жардам колун сунганыбыз бул эң жакшы нерсе, баарыбызга Аллахым сабыр берсин.
-3
bosmos77777
2022-01-07 12:27:10
Milduri, Доканса айла жок.
+4
Fernando_Torres
2022-01-07 16:48:10
bosmos77777,тура айтты мен мисалы митинг деген шайтандын ишине аралашкан эмесмин мен баба дыйкандын дин менен баш мыйзамды шайкеш келтирип исилам мамлекетин курушубуз керек Иншаллах
-4
Zarema11
2022-01-07 12:50:13
Milduri, ооба туура айтты.
-5
Azat-123
2022-01-07 23:50:09
Milduri,молодец, туура айттың
-3
orun
2022-01-07 12:14:10
Кудай сактасын го, эми Кыргазстанда ушундай тополоң боло турган болсо, Садыке сөзсүз кайрылат, бийлигин сактап калуу үчүн. Казак бийлиги алсыз экенин көрсөттү. Өзүнүн ички ишин өзү чечиш керек болчу, эли менен диалогго барып. Коркту коркок Токо.
+10
shejol
2022-01-07 12:14:55
Кадырбеков кайра чыгып ташиге жооп бергенин толук чыгаргыла да
+10
bosmos77777
2022-01-07 12:16:07
Барбаш керек! Кыргыз ач калсада. Ун табылат. Май табылат. Канкор бийлиги кетиши керек.
+10
bond02
2022-01-07 12:27:53
Качан бироонун козун карап, коркпой жашаган заман келет Камчы? Силер казактарды эмес озунордун креслонорду коргоп жатасынар го айтканына караганда.
+10
Antiradikal10
2022-01-07 12:28:00
Ташиев адатынча "Ормон опузасын" баштадыбы? Ташиев менен Жапаров кетсин!!! Эл кызыкчылыгына ким каршы чыкса баары кетсин!

Чек ара бугун жабылса, эртен болбосо бурсугуну ачылмак. Чек араны шылтоолоп карапайым казак элине ок атууга аскер жонотуу эл-журт астында, Мекен астында чыккынчылык!!!

Эки боордош элди касташууга туртуп жаткан Жапаров менен Ташиев кетсин!!!!!!
+8
Milduri
2022-01-07 12:56:43
Antiradikal10, өзүң кет! Үйүңө барып намазыңды оку, эртеңки акыретиңди ойло, көр азабы, кыяматтагы сурак, тозок азабы бар ошого тообо келтирип даярдан, башкалар менен ишиң эмне.
-9
Zarema11
2022-01-07 13:12:30
Milduri, жеткенге эң мыкты жооп.
-5
Munir81
2022-01-07 12:35:48
Жоноткуло эн туура чечим мен колдойм
-9
bosmos77777
2022-01-07 12:40:46
Munir81,Казак Эли! Оз Мекениндеги ишин Оздору чечет. Азаттыгын Оздору колуна алат.Силер акылсыз боло бербегиле! Кыргыз аскери азаттык ,эркиндик учун курошот.
+7
Zarema11
2022-01-07 12:49:01
Туура эле айхтып жатат. Андан да кымбаттап кетсе жөнөкөй эле эл кыйналат. Анан Мышыгы өлсө да Ажо менен Ташиев күнөөлүү боло чыгат. кымбаттап кетти деп чыгышат кээ бирки кресло талашкандар жана алардын жугундулары. Азыр ушинтип пысмыйып олтурушат .
-1
al79mi
2022-01-07 13:28:53
Zarema11,Аскер барса эле унду кымбаттатпайбыз деп же чек араны ачабыз деп гарантия бериштиби?! Бизде митинг башталар менен казактар биринчи очередь границасын жабат го. Ун бензин табылат жоокерлердин өмүрү табылбайт! Ошол бара жаткан жоокерлер сиздин биздин бир туугандарыбыз! Боорунуз оорубайбы?! Же сиздин боорунуз только чондорго ооруйбу?! Бетеге кетет бел калат бектер кетет эл калат!
+5
Zarema11
2022-01-07 13:56:16
al79mi, Алар карапайым элди атышпайт биринчиден. Экинчиден Евразия биримдигине мүчө Армения Россия Кыргызстан ж.б Алардын ортосунда келишим бар .Ошон үчүн көөп млн мигранттар оңой жеңилдик менен жүрүшөт. Кече казак элин биздин жоокерлер кырбайт дешти эле, бүгүн биздин жоокерлер өлсөчү деп жатышат. Бул жөн эле себеп издөө эптеп эле элди онго бөлүү.
-5
al79mi
2022-01-07 15:02:01
Zarema11,Баргандан кийин кимдин приказын аткарат ал Кудайга гана белгилүү азырынча. ОДКБ келишимин аткарганга мажбурбуз деп жатышат бирок келишимде тышкы кучтордон коркунуч келсе деп так жазылган. Бул жерде аскер жонотуп аскерлердин өмүрүн коркунучка кептоого акылары жок болчу!
+3
Antiradikal10
2022-01-07 18:55:42
Zarema11, дура экенсин го мээ иштебеген. ОДКБ аскерлери карапайым элди атпайт имиш. ОДКБ аскерлери полиция болумдорун, аэропортторду, телеканалдарды, акимчиликтерди, Окмот уйун ж.б. коргошот. Ошол обьекттерге митингге чыккан эл чабуул жасаса, ОДКБ аскерлери карап турмак беле, на поражение атышат да курал менен... Мейли кыргыз, мейли орус, мейли тажик, айтор ОДКБ аскерлеринин огунан жана колунан каза болгон ар бир казак жаранынын каны биздин саткын бийликтин мойнунда!
+2
Mamytovv_n
2022-01-07 13:26:35
Эгер аскерлерди жонотсонор азыркы бийликти мен эч качан колдобойм
+5
tannuru1503
2022-01-07 14:13:46
Ташиев депутаттарды туз эле опузалап коркутканга отту.Оз оюн кыргыз элине тануулабасын да.Кыргыз жоокери курман болсо Ташиев жоопкерчиликти оз моюнуна алат бекен.Мурда УКМКнын башчысы ким экенин деле билчуу эмеспиз , азыр болсо озу экинчи президенттей эле кара кучко салып опузалап, корсулдаганы туура эмес.

Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу суйлосун болуп жатат.Бийлик, байлык колдун кири.Эртенки кунго эч ким кепилдик бере албайт.Тарыхта жакшы ат менен калуу керек
+7
Fernando_Torres
2022-01-07 16:49:55
Аскер жөнөтөбүз жокбу ар ким өз ордуну билип олтур
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан