Бир айга жетпеген убакытта Кытайдын борбору Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот.
Баш аламандык орун алган Казакстандын Алматы шаары бул Олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин койгон. Эң кызыгы, Алматы шаары кышкы Олимпиада оюндарын өткөрүүгө укук алган Пекин шаарына болгону 4 гана упай жетпей калган (Алматы - 40 упай, Пекин - 44 упай).
Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.
Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.
БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.