Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу жана тилдик такшалтмадан өтүү үчүн конкурстар 2022-жылдын 17-январына чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура программалары боюнча окуу конкурстарын жарыялаган.
Эске сала кетсек, каалоосу бар талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине жараша http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасында "2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу" каттоодон өтүүсү, зарыл болгон талаачаны толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди тапшыруусу зарыл.