Чүй облусундагы Шопоков шаарында кудукка түшүп кеткен адамдар куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-январь күнү турак-жай-коммуналдык чарба ишканасынын 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. аттуу жумушчулары Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукту тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда ичине түшүп кетишкен.
"Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды кудуктан чыгарышкан. 48 жаштагы жаран "Тез жардам" унаасы менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, экинчи жаран ооруканага баруудан баш тартты", - дешет мекемеден.