10-январда Кыргыз жараны мал кайтарып жүрүп казак чек арачыларынын колуна түшкөндүгүн УКМКнын мамлекеттик чек ара кызматынан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалыматка ылайык, казак чек арачылары мамлекеттик чек араны бузду деген шек менен 1999-жылы туулган С.уО. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Шектүү мал жайып жүрүп Казакстандын аймагына өтүп кеткен.
"УКМКнын чек ара кызматы аталган жаранды кайтарып алууга бардык аракеттерди көрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматтан.