Өлкөдө коронавирус аныкталган 1 миңден ашуун жаран менен байланышта болгондор дээрлик баары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде айтты.
"Чет өлкөдөн коронавирус болуп келген бардык бейтаптардын байланыштары аныкталды. Бүгүнкү күндө оорулуулар менен байланышта болгондордун дээрлик баарын таптык десек болот. Ошол эле учурда 50 кишинин вирусту кайдан, кандай шартта жуктуруп алганы, тагыраагы, очогу тастыктала элек", - деди министрдин орун басары.
Бүгүн, 10-майда саат 10:00гө карата коронавирус аныкталган бейтаптардын жалпы саны 1 миң 2ге жетти.