2021-жылы жол кырсыгынан каза болгон Белек Избасаровдун карындашы Үмүтай Избасарова SUPER.KG порталына кайрылып, агасынын өлүмүнө себепчи болгон адамга карата соттун чечимине нааразы болуп, окуяны айтып берди.
"Каргашалуу жол кырсыгы 2021-жылдын май айынын орто ченинде болгон. Бир тууган агам Белек Избасаров 25 жашында көз жумду. Ал Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат кылчу. Каза болордун алдында эмгек өргүүсүнө чыгып үйгө келген. Эс алуусу аяктап үйдөн кеткенине 2 апта өтпөй кырсыкка кабылды. Агам жүргүнчү катары арткы орундукта бараткан Матиз үлгүсүндөгү унаа башкы жолдо бараткандыгына карабастан, эки көчөнүн кесилишинде Мерседес-Бенц унаасын мас абалында башкарып бара жаткан Азимжон. М. аттуу жаран катуу ылдамдыкта келип унааны капталынан сүзгөн.
Кырсыктан катуу жаракат алган агам “суу, суу” деп жатып, көп өтпөй каза болгон экен. Жол кырсыгы катталган жерге Жалал-Абад ШИИБинин кызматкерлери келишип, кырсыкты каттоого алышкан. Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу Азимжон М.га медициналык экспертиза дайындалып, анын мас экендиги аныкталган соң Жалал-Абад шаардык тергөө абагына камалган. Кылмыш иши сотко өткөндөн кийин бир нече соттук отурумдар өтүп, шектүү өзүнүн мурдагы көрсөтмөлөрүн теңирден тескери өзгөртө баштады. Натыйжада 2021-жылдын 31-декабрында Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Миран Шерматов агамдын өлүмүнө себепкер болгон адамды пробациялык көзөмөл колдонуу менен белгиленген жазадан бошоткону күйбөгөн жерибизди күл кылды.
Апам уулунун бейкүнөө өлүмүнүн айынан жүрөк оорусуна кабылды. Азыр ооруканада жатат. Агам бир үйдүн жалгыз уулу эле. Мен турмушка чыгып кетсем апамды карай турчу эч ким калган жок. Элибиз ишеним арткан сотторубуздун адилетсиздиги жүрөгүбүздү канатты. Президентибиз Садыр Жапаров “Коррупция менен күрөшөлү!” деп какшап айтып жатканда, коррупция жыттанган мындай иштер улана берсе, өлкөбүздүн өнүгүп кетээри күмөндүү бойдон калат. Андай дегеним, шектүү тергөө абагында жатып биздин жактоочу аркылуу бизге 300 миң сом сунуштаптыр. Үч жүз миң эмес, 3 миллион сунуштаса да кечирбейбиз. Анткени агамды эми кайтарып ала албайбыз.
Бизди таң калтырганы “10 жылга эркинен ажыратылат” деп турган сот аз убакыттын ичинде шектүүнү актап койгону болууда. Жасаган күнөөсү далилденип турса да мындай адилетсиз кадамга барган соттун чечими жаныбызды кашайтып турат. Агамдын жерде, шектүүнүн үйдө жатканына ичибиз ачышып турат. Эми Жалал-Абад облустук сотко апелляция менен кайрылабыз. Ал жактан да адилеттик таппасак, айла жок, президентке кайрылабыз. Жалгыз агам мени жанынан артык көрчү. Ал эми жок. Артында туяк да калбады. Кудай бар, күнөөлүү сөзсүз жазасын алышы керек", - деди ал.
Маркум Белек Избасаровдун аталаш тууганы Баяман Абдысалим уулу буларга токтолду.
"Жалал-Абад ШИИБинин Мыктыбек аттуу тергөөчүсү бизге жактоочу алууну сунуштаган жок. Иштин жүрүшү менен тааныштырбай эле өзү иш алып барды. Шектүүгө да жеңил беренелерди койду. Бизге жеткен имиш сөздөргө таянсам, ал шектүү тарап менен бирге иш алып барган. Башында мен жабырлануучу тараптын өкүлү экендигимди билбей, экинчи тараптын өкүлдөрү менен башкача нукта сүйлөшкөн. Аларга ишти бүтүрө тургандыгын маалымдаган. Соттук процесске экинчи тараптын өкүлдөрү келбей калган маалда соттук отурум жылып кетчү. Бирок 31-декабрда болгон сотко бара албай калдык. Ошондо жабырлануучу тараптын өкүлдөрү жок отурумду өткөрүшкөн экен", - деди ал.
Жалал-Абад райондук соттун чечими.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 31-декабрындагы өкүмү менен айдоочу М.А. 3 жылдык пробация мыйзамын колдонуу менен жазадан бошотулган.
SUPER.KG порталы экинчи тарапты да угуп чагылдырууга даяр.