ЭЛДИК КАБАР: "Кочкордогу оорукананын чатырынан суу агат. Ага кирген адам айыкпай эле оорусу күчөп чыгат" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынын тургуну кайрылды.

Окурмандын айтымында, Чолпон айылдык №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнүн имаратынын абалы өтө кейиштүү.

"Урматтуу жалпы элдин ден соолугуна, саламаттыгына тиешеси бар өкмөт өкүлдөрү жана урматтуу президент Садыр Жапаров мырза! Менин бул кайрылуум өтө актуалдуу, көйгөйлүү жана өтө кооптуу маселе болгондуктан көңүл кош мамиле кылбайсыздар деп үмүттөнөм. Себеби Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл өкмөтүнүн Чолпон айылында жайгашкан, 6 айылдын саламаттыгына кам көргөн борборлоштурулган оорукананын имараты бүгүнкү күндө өтө кейиштүү абалга кептелип калган. Терезелери сынган, чатырынан суу агып жатып, бардык бөлмөлөрдүн шыптары түшүп, көгүчкөндүн кыктары ичине чууруп турат, ал эми коридордун сууктугунан беш мүнөт да тура албайсың.

Бул оорукананын имаратына кирген киши айыкпай эле оорусу күчөп чыга турган абалда калды. Пандемиянын убагында оорукананын имараттарына көңүл бөлөбүз демиш этип, эми ал сөздүн баары унутулуп калды", - деди жергиликтүү турган.

Ошондой эле окурман аталган оорукананы Чернобыль шаары же согуштан кийин кароосуз калган имаратка салыштырды.

"Имарат жашоочусу жок калган Чернобыль шаары же согуштан кийин кароосуз калган имараттай болуп калган. Дени сак эл болмоюнча, дени сак улут болбойт! Баарыңыздардын ушул ооруканага бир көңүл бөлүп коюуңуздарды суранам!", - деп кошумчалады ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

"Ооруканага кирген адам айыкпай эле оорусу күчөп чыгат" дейт окурман
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samash-87
2022-01-13 17:47:08
Миллионерлердин көбү Нарындан болобуз дешет го.Ошолор беш сомдон чогултуп бир оорукана салып бере алышпайт?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан