11-январда Бишкектин Улан-1 кичи районунда 38 жаштагы киши лифтке кыпчылып каза болгон. Аталган окуя боюнча "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев шаардык кеңештин кезектеги жыйынында маалымат берди.
Анда лифт 4-кабаттан бир аз жогору көтөрүлгөндө токтоп калганын, окуяга биринчилерден болуп маркумдун аялы күбө болгонун айтат.
"Лифтке кыпчылып калган кишинин жубайы дароо эле лифтчиге кабар берип, адис үч мүнөттүн ичинде келген. Оператор келгенде лифттин эшиктери ачык экенин, эркек кишинин башы менен бир буту лифтте, экинчи буту ылдый жакта турганын көргөн. Лифт кызматкери машина бөлмөсүнө барып, лифтти өчүргөн. 10 мүнөттөн кийин электрик келген. Алар лифтти түшүрүп, жабырлануучуну жана бала менен колясканы алып чыгышты. Бул учурда куткаруучулар келишкен.
Маалымат түшкөндөн кийин "Бишкек лифт" муниципалдык ишканасынын жетекчилери, ошондой эле Энергетика министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик экологиялык инспекциясынын өкүлү жана мен дагы окуя болгон жерге бардык", - деди Майрамбек Саманчиев.
Майрамбек Саманчиев кошумчалагандай, лифт 1986-жылы чыгарылган. 320 килограммга чейинки салмакты көтөрөт. Лифт 1987-жылы Самаркандда ишке киргизилген. 2021-жылы лифт эки жолу бузулгандыктан токтоп, дароо оңдолгон. Эч кандай чоң кырсык болгон эмес дейт Саманчиев.
Бишкекте лифтке кыпчылып каза болгон жарандын окуясы боюнча иликтөө үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн Бишкек шаардык мэриясынан билдирген.
Ал эми Бишкектин Октябрь РИИБи окуя боюнча иликтөө иштери башталганын маалымдады.