Фотоальбом: Экинчи билимин аяктабай калган Замир Арыкбаевдин баёо балалыгынан Эмгек сиңирген артисти болгонго чейинки кези

Бүгүн, 17-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Замир Арыкбаев 41 жашка толду. Ал 1981-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы Көк-Мойнок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу.

Замир Арыкбаев туулган жеринен билим алган соң 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин транспорт факультетине тапшырып, аны 2003-жылы аяктаган. Ырчы 5-курста окуп жүргөн учурда Консерваториянын фольклор бөлүмүнүн даярдоо курсуна тапшырат. Бирок чыгармачылыкка алаксып, бул окуусун бүтпөй калган.

Колунан комузун түшүрбөй фольклор, ошондой эле эстрада жаатында да активдүү болгон Замир Арыкбаев көпчүлүккө "Кудача кыз", "Даткайым", "Көлдүк карындаш" жана башка ырлары менен белгилүү болгон. Андан сырткары ырларга текст жазып, обон жаратып жүрөт.

Ырчы мырза 2005-жылы Лира аттуу сулууга үйлөнгөн. Учурда жубайлар 3 кыз, 1 уулду тарбиялап келишет.

Замир Арыкбаев 2021-жылы социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды.

17-январдын жылнаамасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
akubeku
2022-01-17 18:22:44
Ушу иним да жакшы ырдайт баалайм
0
nazira...
2022-01-17 19:51:40
Жакшы ырдайт, молодец
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан