Бүгүн, 12-февралда журналист, алып баруучу, тамада Максат Довранов 33 жашка толду. Туулган күнүн кечинде достору, аяштары менен белгилейин деген пландары бар экенин айткан ырчы апасына ыраазычылыгын билдирди.
"Негизи туулган күндү белгилөө 11-февралда эле башталган. Эртең досторуңдан бошобойсуң деп, туугандарым менен бир күн мурун эле майрамды баштадык. Саат түнкү 12ден кийин чыгармачылыктан тапкан досторум Нурлан, Гүлжигит, Данияр, Эрнис, Улук менен жолугуп куттуктап, жакшы тилектерин айтышты. Куттуктоолор түндө эле башталып, жыргап эле жүрөм. Мени куттуктап жаткандарга Аллахым жакшылыгын аябасын.
Негизи бул күн үчүн алтын апама чексиз ыраазымын. Жарык дүйнөгө алып келип, тарбиясын берип, адам катарына кошту. Мага өмүр тартуулаган апамдын өмүрү узун болсун", - деди ал.
Максат Довранов 1988-жылы 12-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында туулган. Кесиби – модельер-конструктор.
Биринчи жолу түз эфирге 15 мүнөттүк “СМС-шанс” деген рубрика менен чыккан. Кийин ЭлТР телеканалындагы “60 мүнөт” долбоорунда алып баруучу, редактор, “Кутман таң” көрсөтүүсүнүн алып баруучусу болуп иштеген.
Айта кетсек, алып баруучу 2017-жылдын ноябрь айында ырчы Сайкал Садыбакасовага баш кошуп, ажырашып кеткен.
12-февралдын жылнаамасы.