
Финляндияда коронавирусту 45 секунданын ичинде аныктай турган тестер ойлоп табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Финляндиянын "Deep Sensing Algorithms" компаниясы адамдын чыгарган деминен коронавирусту 45 секунданын ичинде аныктаган тест үчүн жалпы европалык медициналык сертификат алды. Аппарат формасы жана функционалы жагынан алкотестерге окшош.