Бүгүн, 19-январга карата COVID-19 жана пневмония илдети өлкөнүн дагы 870 жаранынан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына караганда, ооруну жуктургандардын көбү Бишкекте катталды.
Бишкек шаары – 627;
Ош шаары – 8;
Чүй облусу – 141;
Ош облусу – 12;
Талас облусу – 12;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 21;
Жалал-Абад облусу – 16;
Баткен облусу – 28.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы катталган күндөн бери жалпы 192 миң 158 адам жабыркады.