Түштүк Корея коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайга 5 миллион доллар өлчөмүндөгү каражат бөлөт. Мындан тышкары, Ухан шаарындагы жарандарын алып келүү үчүн атайын учактарды жөнөтөт.
Дүйнөлүк басылмалардын маалыматына ылайык, Түштүк Корея вирус менен күрөшүү үчүн Кытайга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген.
Ал эми Кытай Эл Республикасы кооптонуу жараткан вируска каршы күрөшүүгө болжол менен 3 миллиард 960 миллион доллар бөлгөн. Кытай мамлекетинин каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн сумма 29-январга чейин сарпталган.