Лимонтинин өлүмү: Соттук отурум жабык өтмөй болду

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумдун жүрүшүндө Алмазбек Сулаймановдун жактоочусу
Элина Желышева ишти жабык кароо өтүнүчүн келтирди. Ошондой эле эки тарап сот залында кайым айтышып кеткендигине байланыштуу судья соттук отурумду жабык өткөрүүнү чечти.

Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримтөбөл Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамиев аттуу жаран кармалган. Ал Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.

SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Талгат Шамиевдин атасы Имаш Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан өлтүрүлгөнү маалымдалган.

Кримтөбөл Лимонтинин өлүмүнө шектүүнүн тарапташтары сотко нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан