Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун Кыргыз-Орус Славян университетиндеги тайпалаштары кимдер экенине кызыкты. Бул тууралуу эл өкүлү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Орозайымдын окуясынан улам таң калычтуу жаңылыкты билдим. Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган экен. Бул жылы мен дагы окууну аяктагам. Биз университетте бир жолу дагы жолукпаптырбыз. Анын тайпалаштары кимдер? Жооп бергиле" - деп жазып калтырган ал.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы каттоону жокко чыгарган. Бул тууралуу чечим 20-январда аталган комиссиянын жыйынында кабыл алынган.
Бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү "макул" деп добуш берди. Буга Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы себеп болгон.