Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыковдун окуясы. Министрлик коңшу өлкөгө нота жиберди

Казакстандын Алматы шаарында массалык баш аламандык учурунда сабалган Кыргыз жараны Чолпонбек Сыдыковдун окуясына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нота жиберди. Нота кечээ, 21-январда тапшырылганын аталган министрликтен кабарлашат.

Маалым болгондой, нотада Казакстандын айрым укук коргоо кызматкерлеринин Сыдыковдун ден соолугуна оор залал келтирген мыйзамсыз аракеттерине тынчсыздануу айтылат.

"Окуянын бардык жагдайларын тактоо жана бардык күнөөлүү аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу, Сыдыковго компенсация төлөп берүү менен тыкыр жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылчылыгына көңүл бурулду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми Чолпонбек Сыдыковдун окуясы боюнча Акыйкатчы институту Кыргыз өлкөсүнүн Башкы прокуратурасына, Ички иштер министрлигине тергөө жүргүзүү, соттук-медициналык экспертиза дайындоо тууралуу кат жөнөттү. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине бейтапты акысыз дарылоо өтүнүчүн келтирди.

Белгилей кетсек, 20-январда Чолпонбек Сыдыков "Ак-жол" көзөмөл-өткөрмө пунктуна чейин жеткирилип, андан кийин медицина кызматкерлери тосуп алып, "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкен.

Ага дарыгерлер алдын ала диагноз коюшканын, бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rusbayastan
2022-01-22 11:27:26
Нота бергенден бир нерсе озгоробу?
+6
Ernisbii
2022-01-22 12:04:57
Казактарды Кыргызстанда сабабай курсактарын тойгузуп тосуп алып кайра узатып жаттык Кыргыздар уят Казак туугандар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан