Ухан вирусу: Коронавирус дүйнөдөгү 10 миллиондон ашык адамга жукту

Бүгүн, 28-июнга карата дүйнө жүзүн каптаган коронавирус 10 миллион 81 миң 551 адамга жайылды. Тилекке каршы бул оорудан 501 миң 780 адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирусту жуктуруп алган 5 миллион 483 миң 990 адам аны жеңип чыкты.

Коронавирус эң көп жайылган өлкөлөрдүн сап башында дагы деле АКШ турат. Анда инфекция 2 миллион 596 миң 537 адамга жайылды. Бразилия 1 миллион 315 миң 941 адам менен экинчи орунда турат. Орусияда 627 миң 928 адамга оору жугуп, тизмеде 3-орунга жайгашты. Индияда 529 миң 577 адам бул илдет менен жабыркап жатат, ал эми Улуу Британияда 310 миң 250 адамдан аталган илдет аныкталган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан