Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова: "18-февралга карата коронавирус жуккандардын арасында Кыргыз жарандары жок"

2020-жылдын 18-февралына карата вирус жуккандардын арасында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары жок. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова республикалык штабдын кезектеги отурумунда билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер Алтынай Өмүрбекова штаб коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча бардык зарыл болгон чараларды кабыл алып жатканын айтты.

"Япониядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги «Diamond Princess» саякат кемесинде болуп, коронавирусту жуктурду деп айтылып жаткан мекендештер менен байланыш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Элчилик Япониянын Тышкы иштер жана Саламаттыкты сактоо министрликтери менен байланышты туруктуу алып барууда.

Япониянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча Кыргыз жараны дагы инфекцияны жуктурушу ыктымал деген маалымат биздин мекендешибиз менен кеменин бир бөлмөсүндө чогуу болгон жарандан коронавирус чыгып жаткандыгына байланыштуу чыгышы мүмкүн. Бирок мекендешибиздин абалы канааттандырарлык, дене табы көтөрүлгөн жок. Бейтап туруктуу кароого алынды. Ал дагы өзүн жакшы сезип жатканын айтууда", - деп айтылат маалыматта.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсү Кытай Эл Республикасынын коронавирустун жайылышына каршы аракеттенүүсүнө жардамдашуу максатында гуманитардык жардам жөнөтүлгөнү айтылды. Жүк негизинен кытай тараптын өтүнүчүнүн негизинде (антисептик жана зыянсыздандыруучу каражаттар, жеке коргоочу каражаттар) түзүлдү.

Ал эми саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганын жана карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалганын билдирген.

Маалыматта жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 413 орун даярдалган: Нарын облусундагы «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, Ош облусундагы «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 183, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлгөнү айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaznura
2020-02-18 15:34:52
Мамлекеттик өткөрүү көзөмөлдөрүн жакшылап текшерип туруу керек. Шектүүлөрдү дароо көзөмөлгө алуу зарыл. Жанагы Арстан алайдын кесепети тийбесе экен.
-2
Shabi
2020-02-18 15:50:40
Jaznura,ал арстан алай,мени качан аукцион менен алат деп кутуп жатса керек.
-2
Absamat-90
2020-02-18 15:36:43
Сактаган сактайм деген кудай , ошондуктан сак болуу керекпиз. Анткени эгер жарганаттан жуккан деген вариант туура болсо, алар жаз келгенде жер которот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан