Дарак кыйылды. Ырчы Анжелика жол кырсыгына кабылган күндү эстеп, окуя болгон жерде куран окутту

Ырчы Анжелика былтыр кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы, алар 23-январда Караколго бара жатканда унаа тайгаланып, бир тарабы жолдун четиндеги бакка урунган. Бүгүн, 22-январда дал ошол бак жергиликтүү тургундардын, элдин колдоосу менен кыйылды. Бул туурасында ырчы тарабынан белгилүү болду.

"Былтыр ушул күнү бакты кыйып койгондо таңкы саат беште унаа менен түз талаа жакка өтүп кетет белек?

Жол эреже белгилерин түндө көрүнө тургандай кылып жасап, камераларды иштетип, дарыгерлерге барып ыраазычылык билдирип, кан чыгарып, ушул жерден курман болгондордун баарына куран окуттук.
Ар бир башыбызга түшкөн сыноо - жөн жерден келбейт. Аткара турган миссияларды жасап, тирүүлүктө пайдалуу иштерге себепкер болууга мүмкүнчүлүк түзүүгө аман калат экенбиз.

Бул бакты кыюуга уруксат алганбыз, жалпы эл колдоду. Даракты кыйып жатканда айдоочулар унааларын токтотуп "рахмат" деп жатышты. Бүгүн кечинде дарыгерлер кафеге чакырылган", - дейт ырчы.

Жол кырсыгынын чоо-жайы:

Ырчы Анжелика өткөн жылы 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция жасалып, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.

Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.

10-февралда ырчы кызы экөө ооруканадан үйүнө чыгарылган. Андан кийин Анжелика айым кызы менен ден соолугун калыбына келтирүү процесстеринен өтүп, Түркиядан медициналык кароодон өтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bishkek-Kg
2022-01-22 19:22:20
Булдагы эми өлүмүш ыймандуу боло калат экенда ёлки!!!
+7
bratanyn
2022-01-22 19:34:59
Эми ал кырсыка байкуш дарак күнөлүү эмес да.Балким ошол дарак тосуп калгандыр.Ар ким өзүнө сак болсо ,күнөөнү башкадан издебей.
+20
Rashit
2022-01-22 20:04:47
Ал даракта эмне күнөө аны кыйып
+16
ayzhan12
2022-01-22 20:08:46
Азаматсын. Дайыма ушундай сулуу, татынакай, келбеттүү айым болуп журо бергиле кыздар.

Ар дайым өз позицияңыздан тайбай, максатка жетүүдөгү бардык тоскоолдуктарды тайманбастык менен жеңип, бардык маселелерди кайраттуулук менен чечип жүрө бер.
-17
Dembele84
2022-01-23 11:47:25
ayzhan12,ар дайым ушундай сулуу болуп,чачынды жайып журо бер деп кой
+3
KaGaH
2022-01-22 20:42:09
гы гы гы жол кырсыгына дарак күнөөлүү имиш,даракты эмес тоок мээни кыйыш керек эле,пдд окубай права алган
+13
suban78
2022-01-22 22:15:09
Эркектер эмнеге эле майдаланып кеттинер. Качан эле кыргыздын эркеги ушакчы эле. Эр ичине ээр токумдуу ат батат, койгула эми болду, ушакты токтоткулачы. Кочого чыгып акча тапсанар андан коро.
-7
KaGaH
2022-01-23 00:02:49
suban78,дол**еб кыпчылбачы сен адвокат болбой
+5
Dembele84
2022-01-23 11:48:04
suban78,Акылдуу болбой нары ойночу маймыл!
0
Rusbayastan
2022-01-22 22:17:05
Даракта эмне куноо?
+8
AkyL
2022-01-23 00:43:27
Бакты жок кылбай, жолду кенейтип колеясын туздоп бесен кырсык аз болот.
+2
Antiradikal10
2022-01-23 10:37:49
Даракта эмне куноо?

Даракты аралагыча мээсин аралатса болмок.....
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан