Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Temirov Live каналы жасаган иликтөөдө айтылган ишканалар тууралуу маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында Ташиев алгач компаниялар тууралуу маалымат берип, иликтөө жасагандарга дагы ушул маалыматты жеткирүү керектигин айтты. Андан кийин журналист Болот Темировдун жана анын кеңсесинде иштеген акын Болот Назаровдун кармалышы тууралуу буларга токтолду.
"Болот Назаров Болот Темиров менен чогуу иштейт экен. Ал баңги затын дайыма колдонорун билдик. Ал бул затты бульбулятор менен колдонот экен. Бульбулятор бул баңги заттын эффектин көбөйтөт. "Болот Темировдун кеңсесинен баңги затын таратып жатат" деп бир, эки адам арыз жазган. Назаров бул затты дайыма алып чыгат дешкен. Ички иштер министрлиги арызды карабай койгонго укугу жок, караш керек. Алар арызды карап, кеңсеге кирип, текшерүү кылганда эл чогулуп, журналисттер шоу кылып жиберишти.
Бул кылмыш. Ошонун негизинде кармалды. Болот Назаровдун эки видеосун көрдүм. Анын жана жанындагы кызды алып барып текшергенде канынан баңгизат аныкталган. Алар дайыма колдонуп жүрүшкөн", - деди ал.