Депутат Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз менен кайрыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовго байланышканда белгилүү болду.
Ал арыз түшө электигин билдирди.
Кечээ, 23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айткан. "Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым", - деген ал.