Орусиянын Ленинград облусундагы Оредеж дарыясына секирген аялдын сөөгүн издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя 19-январда болгон. Анда 40 жаштагы аял дарыяга үй-бүлөсүнүн, анын ичинде балдарынын көзүнчө секирген. Ал сууга чумкуп эле кайра чыгышы керек болчу. Бирок андан ары чөгүп кеткен. Учурда анын сөөгүн издөө иштери улантылууда.
Аял сууга секирген учурда аны үй-бүлөсү, балдары карап турган. Алар аял чөккөндөн кийин кыйкырып, куткарууга аракет кылышкан. Бирок майнап чыккан эмес. Анын сөөгүн суу астындагы камералар менен издеп жатышат.