Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Марипов Улукбек Асамидинович Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Улукбек Марипов былтыр, 2021-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасы болгон.