"Депутаттар колдобосо дагы". Жусупбек Шариповдун ордуна Идрис Кадыркулов Украинага элчи болду

Идрис Кадыркулов Кыргыз өлкөсүнүн Украинадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Мындай маалыматты президенттик администрациядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Кечээ, 24-январда Жогорку Кеңештин комитети Украинанын элчиси кызматына Идрис Кадыркуловдун талапкерлигин карап, колдогон эмес.

Буга чейин аталган кызматты экс-президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шарипов ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан