Чүйдөгү айланма жолдо 44 жаштагы аялды сүзүп, изин жашырып кеткен айдоочу аныкталды. Кырсыктын кесепетинен жөө адам каза болгонун Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, окуя 6-январда саат 20:00 чамасында айланма жолдун "Дордой" базарына жакын жерде катталган. Анда айдоочу 1978-жылы туулган жөө адамды сүзүп качып кеткен.
"Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам жеринде каза болду. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1993-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран кармалды. Анын ДАФ жүк ташуучу унаасы айып короосуна токтотулду. Автокырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - дешти маалымат кызматынан.