Депутат Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселеси боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы териштирүү жүргүзөт. Бул тууралуу Шайырбек Ташиевдин жардамчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"Кечээ Шайырбек Ташиев мандатын тапшырайын деп келген. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы мыйзамдуулугун карайлы деп жатышат. Териштирүү жүргүзүлүп, анан чечим кабыл алынат. Анткени депутаттын артында шайлоочулары бар, аларга убадаларды берген", - дейт ал.
23-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, иниси Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырарын айткан. "Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталганда иним өлкөдө эмес болчу. Аны мен чакыргам, шайлоого 2 күн калганда келди. Мен кечээ иним Шайырбек Ташиевди чакырып, үйдө бир эле саясатчы болуш керектигин айтып, депутаттык мандатын тапшыруусун сурандым", - деген ал.