Шайырбек Ташиевдин мандаты боюнча "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Талант Мамытовго кайрылды

Депутат Шайырбек Ташиев өзү мүчө болуп турган “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан улам кечээ, 26-январь күнү “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы өз жыйынында депутат Шайырбек Ташиевдин кайрылуусун талкуулады. Республиканын булуң-бурчундагы шайлоочулардан Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жатат. Шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун шайлоочулардын добушун алгандыгын эске алуу менен, фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына төмөндөгүдөй кайрылуу жолдоду.

“Урматтуу Талант Турдумаматович, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна жана 12-беренесине ылайык, Шайырбек Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз”, – “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан