Жол талашып мушташкан айдоочуларга 10 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынды.
Аталган мыйзамга 66 депутат макулдугун берди.
Ага ылайык, чыр-чатак кайталанган учурда айдоочу бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Эскерте кетсек, жол талашып мушташкандар акыркы учурларда байма-бай кездешип, коомчулукта нааразычылык жаратууда.