
Кыргызстанда банк карталарынын саны 10 миллионго жакындады. Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2025-жылы жүгүртүүдө 9,9 миллион карта болгон. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 7,9%га көп.
Бүгүнкү күндө карта санарип аксессуарга да айланууда. MBANK’та картанын стандарттуу көрүнүшү менен гана чектелбестен, өзүңүздүн стилиңизге жана маанайыңызга жараша санарип дизайнды тандай аласыз.
Эми тандоо мүмкүнчүлүгү дагы кеңейди: MBANK 35 жаңы дизайнды кошту, мындан тышкары, дизайндардын топтому ай сайын жаңыланып турат. Ар бир табитке ылайыктуу ар кандай стилдеги жана категориядагы дизайндар жеткиликтүү: минималисттик варианттардан тартып, ачык түстүү жана оригиналдуу чечимдерге чейин. Дизайнды каалаган убакта өзгөртүүгө болот: маанайыңызга, кандайдыр бир учурга жараша же жөн гана картаңыздын көнүмүш көрүнүшүн жаңырткыңыз келгенде.
Картанын дизайнын өзгөртүү үчүн банк бөлүмүнө баруунун кажети жок: жаңы дизайнды дароо эле колдонмодон тандай аласыз.
Картанын дизайнын кантип өзгөртүүгө болот:
MBANK колдонмосун ачыңыз.
«Менин банкым» бөлүмүнө өтүңүз.
Дизайнын өзгөрткүңүз келген картаны тандаңыз.
«Картанын дизайнын өзгөртүү» баскычын басыңыз.
Өзүңүзгө жаккан вариантты тандап, ырастап коюңуз.
MBANK колдонмосунда картаңыздын дизайнын өзгөртүңүз – ал сизге жаккандай көрүнсүн!
MBANK – Биринчи санарип! Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.