Биз социалдык тармакта

"Шылуундар силерден алдыда". Кокулов ИИМдин ишин сынга алды (видео)

Депутат Эрулан Кокулов Ички иштер министрлигинин интернеттеги алдамчылыкка каршы жүргүзүп жаткан профилактикалык иштерин сынга алды. Ал мындай пикирин бүгүн, 26-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Кокулов шылуундар мамлекеттик органдардан алдыга озуп кеткенин айтып, министрликтин алдын алуу чаралары натыйжа бербей жатканын белгиледи.

"Натыйжалуу профилактика жок силерде. Шылуундар силерден алдыда. Мен бул жерде отурганыма 5 жыл болду, силердин профилактикаңар өзгөргөн жок. Кандай профилактика жүргүзүп жатасыңар десе эле кагазды алып чыгып окуйсуңар. Анын жыйынтыгы жок. Элдер алданып туруп, силерге арыз жазгысы келбей калган. Бул деген факт",- деди депутат.

Ошондой эле ал интернеттеги шылуундар тууралуу маалыматтар кеңири жайылып жаткандай эле, мамлекеттик органдардын түшүндүрүү жана алдын алуу иштери да ар бир жаранга жетиши керектигин айтты.

"Шылуундар силерден алдыда". Кокулов ИИМдин ишин сынга алды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан