Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасындагы ок атышуу боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Фейсбуктагы президенттин аккаунту деген баракчага билдирүү жайгаштырылды.
Анда өлкө башчы кырдаалды курчуткандарга ишенбөөгө чакырат.
"Чек арада болуп жаткан окуялар биринчи мүнөттөрдөн баштап толук менин көзөмөлүмдө. Кудай буюрса, баарын тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечебиз. Кабатыр болбой тургула. Кырдаалды курчутуш үчүн жалган маалымат таратып жаткан массалык маалымат каражаттарына жана саясатчыларга ишенбегиле", - деди ал.
Белгилей кетсек, 27-январда Тажикстандын аскерлери Ош-Исфана жолун тосуп алгандыгы кабарланган. Чек ара кызматынан Төрт-Көчөдө абал чыңалууда экенин билдирип, Тажикстан тарап миномёт жана гранатомётторду колдонуп жатканын билдирди.
28-январга караган түнү саат 00:20 карата эки тараптын аскер кызматкерлеринин ок атышуусу Көчө-Бою жана Дахма жерлигинде болуп жатканы белгилүү болду.