УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.
Бүгүн, 28-январда чек арадагы кырдаалга байланыштуу ыкчам жыйын өткөрүүсү күтүлүүдө.
Баткен облусунун Кыргыз-Тажик чек арасына жакын аймактардагы ок атышуу токтоп, бүгүн, 28-январь саат 08:00гө карата абал туруктуу.
Чек арадагы аскерлер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 11 кыргыз аскери жабыркады.