Бүгүн, 28-январда "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча маселе карап жатат.
Анда фракция лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңеш Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдошу керектигин айтты.
Депутат Камила Талиева айрым маалымат каражаттары мамлекеттик сырларды чыгарып салып жатканын билдирди.
Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңеш бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, тажик парламентине кайрылуу жолдоо зарылчылыгын белгиледи.